Аламудун районунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

 

Аламүдүн районунун ИИБдүн  аймактык тескөөчүлөрү жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен Таш-Дөбө, С. Чокморов, Малиновка жана Байгелди айылдарында кылмыштуулукту алдын алуу максатында жарандарды кабыл алуу иш-чаралары өткөрүлдү, иш-чаранын жүрүшүндө жалпы 36 турак-жай текшерилип, ар кандай социалдык суроолор боюнча 3 арыз алынып, 24 тургунга жеринен юридикалык жардам берилген.

Кайрылууларда ар кандай социалдык суроо-талаптар менен кайрылышып, аларга жеринен юридикалык жардамдар берилген.

Ошондой эле, 2021-жылдын 28-ноябрь күнүнө белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана шайлоо өткөрүү учурунда ар кандай үгүт иш-чараларында аныкталган укук бузууларды жана добуш сатып алуу фактыларына күбө болгондорду ички иштер органына кабарлоосу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууларда, малдарды жол жээктерине кароосуз калтыруу да жол кырсыктарына себепкер болоорун айтышып, уурулук жана башка кылмыш иштери боюнча алдын алуу  иш-чаралары  да  жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чарасында жарандардан 2 кайрылуу түшүп, алар өз убагында тиешелүү органдарга жиберилген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *