Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн издөө тобу 2018-жылдын 20- январь күнү Аламүдүн районуна караштуу “Кырман-44” жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 1979-жылы 29-август күнү туулган Бейшеналиев Таабылды Ашырбековичти издейт.
Белгилери: бою 160-170 см., орто дене-түзүлүштө, көзү күрөң, чачы өтө кыска эмес.
Ошол күнү кийинип жүргөн кийими: Кышкы кара кепка, көк түстөгү кышкы куртка, кочкул-кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара маасы, гөлөч.
Өзгөчө белгилери: Бетинин оң тарабынын ылдый жагында сөөлү бар, оң колунда «АЙЗАДА» деп жазылган татуировка басылган, аты жок манжасынын тырмагы жок.
Эгерде, кимдир-бирөө жогоруда айтылган киши жөнүндө кандайдыр бир маалымат билсе, Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмүнүн номери (0312) 43-01-27, (03 12) 43-88-85, Аламүдүн районунун ИИБнин нөмөөт бөлүмүнүн номерлери (0312) 36-35-27, 0700 67-55-56, 0700 20-96-66 (издөө тобу) аркылуу кайрылсаныздар болот.