Аламүдүн районунда алдамчылыка  шектүү  жаран кармалды

2022-жылдын 5-майында  Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Жыгач айылынын тургуну   1951-жылы туулган М.Н. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2020-жылы жана 2021-жылдын декабрь  айларында өзүнө тийиштүү жерин сатканы жатканын угуп М.Ү. аттуу жаран келип, жерди  40000 АКШ долларына баалап алууну  макулдашышып, алдоо жолу менен ишенимине кирип акчасын 2022-жылдын май айына чейин берерин айтып тил кат жазып бергенин айткан. Бирок, айтылган суммадагы акчаны бербей же жерин кайтарып бербей жүргөнүн  айтып чара көрүүнү өтүнгөн. Ошол эле учурда М.Ү. атту жаран  М.Н. атту жаранга тийиштүү жерди турак үйлөрдү курууга элдерге сатып жибергендигин кошумчалаган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аламүдүн РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү М.Ү. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *