Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери район аймагында болжол менен 35-40 жаш курактагы “Зуба” аттуу эркек киши тоноочулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу жана ок атуучу курал сакташы мүмкүн деген ыкчам маалымат алышкан.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы жарандын инсандыгы аныкталып, ал 43 жаштагы Ю.З. атуу жаран, буга чейин соттолуп, КР ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тургандыгы аныкталган.

Аламүдүн районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы жаран тергөө кызматына жеткирилип, тергөөдө ал аял кишини тоногондугун моюнуна алган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан кыскартылып жасалган ок атуучу курал алынган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *