Аламүдүн районунда “Укук бузуулардын алдын алуу” аталашындагы иш-чара болуп өттү

2022-жылдын 29-сентябрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен Лебединовка айылынын Желкайып Касымбаев  атындагы №2 мектеп гимназиясында “Укук бузуулардын алдын алуу” аталашындагы иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Аламүдүн РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынын инспектору  милициянын майору Руслан Алымбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Светлана Орозобаева, Аламүдүн райондук прокурордун жардамчысы Бактыгүл Алимжанова, Социалдык бөлүмүнүн башчысы Алмаз Султанов жана №2 мектеп гимназиясынын окуучулары катышышты.

Алгач зордук-зомбулукка каршы театрлаштырылган оюн-зоок менен башталып, мектеп окуучулары тарабынан “Менин укуктарым жана милдеттерим” аталышында ырлар окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө  Аламүдүн РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынын кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларынына, укук бузуулардын  алдын алуу боюнча  түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, өспүрүмдөр 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартылаары айтылып, тартип бузуулардан алыс болууну белгилешти.  Ошондой эле ии-чаранын катышуучулары окуучулар арасындагы рекетчиликтен алыс болуп мыкты билим алууга чакырышты.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *