2022-жылдын 29-майында Москва РИИБге 1966-жылы туулган А.Г. арыз менен кайрылган. Арыздануучу 29-май күнү кечинде короосундагы меринос пародасындагы 4 баш кочкорду уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.О. кармалып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.