Жайыл районунун милиция кызматкерлери жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүштү

Чүй облусунун ИИБнүн кызматкерлери дайыма алдын-алуу  иш -чараларды, анын ичинде этностор аралык чыр -чатактардын алдын алууга, экстремизм менен терроризмдин алдын алууга багытталган иш -чараларды жүргүзүшөт.

7-10-сентябрь күндөрү Жайыл  РИИБнүн , тактап айтканда аймактык жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө милиция кызматкерлери, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматткерлери жана көчмө кабылдама милицисы менен биргеликте Жайыл районунун Степное, Новониколаевка, Полтавка жана Алексеевка айылдарынын эли менен жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, диаспоралар, мечит имамдары, аксакалдар казыяты, жергиликтүү тургундар катышты.

Милиция кызматкерлери жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иштери жана башка аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *