Кемин районунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

 

Кемин районунун аймагында кылмыштуулуктарды алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында Кемин РИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрь күндөрү “Отработка” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Рейд учурунда Кемин РИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 80 ден ашуун үйлөрдү кыдыруу, 40тан ашуун сарайлар текшерилип, 15 ден ашык мурда сотттолгон жарандар менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Акыркы учурда Кемин районунда жоголгон малдар боюнча, милиция кызматкерлери тарабынан мал кармаган сарайлардын ээлери жана малчылары менен жолугушуулар жүргүзүлүп, малдардга жетиштүү деңгээлде көзөмөл кылуу тууралуу эскертүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле айылдардан алыс жайгашкан сарай ээлерине видео байкоочу камералерды орнотуу зарылдыгы эскертилип, кандайдыр бир мал жоголгон фактылар тууралуу өз учурунда ички иштер органдарына кабар берүү маанилүү экендиги айтылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *