Москва районунда бирөөнүн акчасын жана автоунаасын тартып алууга шектүүлөр кармалышты

2021-жылдын 29-июль күнү болжол менен саат 20:03 чамаларында Москва РИИБнө аймактык оорукандан телефон чалуу болуп,  эркек киши денесине алган жаракаттарынан улам кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке  дароо чыгышып, ооруканага түшкөн жарандын өздүгүн такташып, ал 1980-жылы туулган М.Р. аттуу Москва районунун жашоочусу экендиги аныкталган.

Териштирүү учурунда  үсүбүздөгү жылдын 29-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамаларында жабырлануучунун Москва районундагы үйүнө “А” аттуу чала тааныш киши жанына бейтааныш балдарды кошуп барышып, жабырлануучу күч менен “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү автоунаага салышып, Сокулук району тарапка алып барып, ур-токмокко алышып, кийин кайра үйүнө барышып, М.Р.дин телефонун,  10 миң сом акчасын жана “Мазда-626” үлгүсүндөгү автоунаасын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетип калышканы маалым болгон.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 1977-жылы туулган Р.А. жана 2002-жылы туулган Т.Б., Ж.У. аттуулар кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *