2022-жылдын 27-сентябрь күнү Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, райондук ооруканага бычактан жаракат алган жаран жаткырылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу дароо барып, жаракат алган жарандын өздүгүн тактап 1979-жылы туулган Я.А. аттуу жаран экени аныктаган.
Аталган факт Москва РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолука оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын 27-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү 1992-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул адамдар чоогу спирт ичимдигин ичип отурушуп, ортодогу чырдан улам бул окуя келип чыкканы аныкталган.
Учурда бул окуяга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөөлөр суралып, окуянын жагдайын толук кандуу аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы