Уруксат берилбеген жерлерде мал айдоо менен байланышкан жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Москва РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын аймактык тескөөчүлөрү ЖКК кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен Москва районунда 2022-жылдын 3-майынан 4-майына чейин алдын алуу иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Ал иш-чараларга тартылган кызматкерлер малды айдоодогу негизги эрежелерди түшүндүрүүгө өзгөчө көңүл бурушуп келет.
Иш-чаранын жүрүшүндө Беловодск, Петровка, Ак-Торпок, Александровка сыяктуу айылдарда мал айдай турган жерлер иштелип чыкты. Милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү сүйлөшүүлөрдөн тышкары, мал айдаган айдоочуларга жолдордо мал айдаганда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча эскертүү баракчалары берилди. Мындай иш-чаралар милиция кызмакерлери тарабынан ар дайым өткөрүлүп келет.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы