Москва районунда улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 3-июнунда социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Чүй ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан Facebook социалдык тармагынын колдонуучусунун  улут аралык кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү белгилери бар баракчаны аныкташкан.

Бул маалыматты тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  баракчадагы маалымат боюнча, милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй ОИИБдин ЭМКАКтын кызматкерлери жана Чүй облустук УКМКнын  кызматкерлери менен биргеликте бул колдонуучунун өздүгү такталып, ал 1970-жылы туулган Т.А. аттуу жаран экени аныкталган.

2022-жылдын 27-июнунда соттун чечими менен бул жаранга тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ноутбук жана уюлдук телефон алынган. Учурда кылмышка шектүү Москва РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *