Панфилов районунда Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин жыйыны болуп өттү

2022-жылдын 29-сентябрында Панфилов райондук администрациясында ИИМдин Коомдук кеңешинин отуруму болуп, отурумда Панфилов районунун ИИБнин ишмердүүлүгү талкууланды.

Иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын начальнигинин орун басары Руфат Абдуразаков, Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрөгасы Ялкун Даутов, анын орун басарлары Каана Айдаркул, Маралбу Бианки ошондой эле кеңештин мүчөлөрү, Панфилов районунун жашоочулары жана милиция кызматкерлери катышышты.

Күн тартибине төмөнкү маселелер каралды:

-Панфилов РИИБдин өздүк курамынын 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча жалпы маалымат;

-Панфилов районунда контрабанда жана мал уурулук менен күрөшүүнүн артыкчылыктуу багыттары;

– Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн калк жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү;

-Панфилов районунун чек арага жакын айылдарынын негизги көйгөйлөрү;

-Панфилов РИИБдин тергөө кызматынын ишмердүүлүгү;

– Жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу.

Иш чаранын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин негизги талаптарынын бири болуп –  милиция кызматкерлери менен элдин ортосундагы тыгыз байланышты чыңдоо болуп эсептелери белгиленди. Ушул жана бөлөк талаптарды аткаруу үчүн ИММдин Коомдук кеңеши милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышып, мамлекеттик кызматтар жана коомчулук ошондой эле эл аралык уюмдар менен иш алпарууну жүргүзүп келери айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырып, милиция менен элдин ортосундагы байланышты бекемдөөдө талыкпай иш алпара берүүсүн белгиледи.

Иш-чаранын соңунда, ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү бардык катышуучуларга ыраазычылыктарын билдирип, Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине ийгиликтерди каалашты.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *