Сокулук районунда дарыканага уурулукка кирген жарандар кармалды 

2022-жылдын 9-ноябрында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө, 1995-жылы туулган О.Т.  аттуу жаран кайрылып, Шопоков шаарында жайгашкан дарыканадан 600 000 сомго барабар дары-дармектерди белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектелип 1999 жылы туулган Т.А., 1994-жылы туулган Д.Э. жана 1988-жылы туулган Ж.У. аттуу жарандар кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *