Сокулук районунда Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери «Өспүрүм-Түн» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү

Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча ар кандай профилактикалык, түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Алсак, Сокулу РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жайкы каникул учурунда, жашы жете элек балдардын түнкүсүн көчөгө чыгуусу көбөйүп жаткандыгына байланыштуу 20-июндан 25-июнга чейин «Өспүрүм-Түн»  аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү.

Рейддин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан 26 кафе, 6 ресторан, 16 компьютердик клуб жана башка коомдук жайлар текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында түн ичинде чоңдордун коштоосу жок жүргөн 30дан ашык жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталып, ички иштер органдарына жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң  ата-энелерине өткөрүлүп берилген. Мындан тышкары милиция кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөрдү жашаган жери боюнча профилактикалык эсепке алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *