Сокулук районунда коронавирус илдетин алдын алуу иштери улантылууда

Сокулук районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүшүүдө. 2020-жылдын 10-июль күнү милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район жашоочуларына түшүндүрүү иштерин улантышты. Андан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан мобилдик топтор түзүлүп, үн жогорулатуучу аппараттардын жардамдары менен жашоочуларды коомдук жайларга чыкканда бет каптарды тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуп, учурдагы талаптарды так сактоого чакырышты. Кызматкерлер тарабынан соода-түйүндөрү, базарлар, коомдук тамактануучу жайлар жана техникалык тейлөө тармактарында текшерүүлөр жүргүзүлүп, талаптарды сактабаган коомдук жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Ошол эле учурда коомдук жайларда бет капсыз жүргөн жарандар аныкталып аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жугуштуу илдеттин жайылуусун алдын алуу максатында Чүй облусунун бардык аймактырында алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Андыктан Чүй ОИИББы жарандарды дарыгерлер тарабынан айтылган талаптарды так аткарып, коомдук жайларда аралыкты сактап, тазалыкка көңүл буруга чыкырып, зарылчылыктар жок болсо коомдук жайларга баруудан убактылуу баш тартуу зарыл экендигин эскертет.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *