Сокулук районунда мыйзамсыз жер сатууга шектүү аял кармалды

2019-жылдын 9-март күнү Сокулук РИИБүнө Токмок шаарынын жашоочусу О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш аял Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын 520-контурундагы 0,85 гектар жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергенин билдирген.

Аталган факты бирдиктүү реестрге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1963-жылы туулган Ш.М. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кармалган аялдын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери улантылууда.

Сотко чейин өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *