Сокулук районунда уурулукка шектүү кармалды

Сокулук РИИБүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 15-сентябрында анын Комсомол айылындагы үйүнө белгисиз бирөө кирип, жеке буюмдарын, зергер буюмдарын жана акча каражатарын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы Г.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Териштирүү учурунда кылмышка шектүү Г.М. дагы ушул сыяктуу кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *