Сокулук районунда өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү

2021-жылдын 18-ноябрь күнү Сокулук РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору Сокулук району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу бонча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүштү. Анда мектеп окуучуларына лекциялар окулуп, Сокулук районунун аймагында өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын себептери айтылып, мектеп окуучуларын жолдон өтүп жатканда атайын жөө өтмөктөрдөн өтүү жол кырсыктарын алдын алууга өбөлгө болоору айтылды.

Лекция учурунда балдарга жолдо жүрүү эрежелери эскертилип, кулакка таккыч менен музыка угуу, телефондон оюндарды ойноп жолдо басууда балдар жол кыймылына көңүл бурбай кооптуу учурларга туш болоорун айтышып, ар дайым жолдо жүрүү эрежерин так сактоону эскертишти. Иш-чарада мектеп окуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду кызматкерлерге узатышып, жоопторду алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *