Сокулук райоунунда жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен окуяга BMW үлгүсүндөгү автоунаа шектелүүдө

2018-жылдын 6-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Бишкек-Чалдовар  жолунун 27 километринде Сокулук районундагы Белинская жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 1971-жылы туулган Арзыгулова Солтобек Токтосуновичти белгисиз автоунаа сүзүп окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Алган жаракатынан улам С.Арзыгулов окуя болгон жерден каза болгон. Териштирүү учурунда жол кырсыгы болгондон кийин жөө жүргүнчүнү сүзгөн автоунаа токтоп, ичиндеги жүргүнчүлөр жабырлануучуну көрүшкөнү, видое камералардын бирине түшүп калган. Болжол менен бул жол кырсыгына BMW E-39 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу шектелүүдө. Жогорудагы жол кырсыгы боюнча Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, жогорудагы шектүү унаанын айдоочусу изделүүдө.

Кимде-ким жогорудагы жарандар тууралуу маалыматтарды билген болсо, төмөндөгү телефон номерлерине кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз! 0 (312) 60-75-67,  0 (701) 02-32-34, 0 (704) 08-80-02, 0 (707) 28-12-12

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *