Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан убактылуу кармоочу жайдан качкан жарандарды кармоо үчүн ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
2018-жылдын 1-май күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан кылмышка шектүү жарандар качып кеткендиги маалым болгон.
Убактылуу кармоочу жайдан качкан жарандарды кармоо үчүн “Сирена” планы киргизилип, Чүй облусундагы райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө, Бишкек шаарынын ИИББна жана башка областтык ИИБларга багыттамалар жөнөтүлдү. Учурда ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Убактылуу кармоочу жайдан качкан төмөндөгү жарандар изделүүдө!
Юсупахунов Руслан Гаширович, 2002-жылы туулган. Жашаган жери Токмок шаары. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси “Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу”) боюнча шектүү катары кармалган.
Ворончихин Леонид Дмитриевич, 2000-жылы туулган.Жашаган жери Токмок шаары. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурулук”) боюнча шектүү деп кармалган.
Порошин Анатолий Сергеевич, 2001-жылы туулган. Жашаган жери Токмок шаары. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча шектүү деп кармалган.
Чүй облусунун ИИББ, эгерде кимде-ким жогорудагы убактылуу кармоочу жайдан качкан жарандар тууралуу кандайдыр бир маалымат билген болсо, төмөндөгү телефон номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранат. (0312) 43-01-27, 43-88-85 (Чуйской облусунун ИИББ), 66-23-31 (ИИМ нөөмөт бөлүгү), 0(701) 30-09-07, 0(701) 15-36-06, 0(703) 40-68-98.