Унааларды жана башка мүлктү коопсуз сактоо кылмыштуулукту алдын алат

 

Учурда унааларды белгисиз адамдар айдап качып кеткен окуялар көп кездешүүдө. Мындай окуяларга анализ кылган учурда унаа уурулугунун 70 % түнкү убакыттарда көп кабаттуу үйлөрдүн алдында токтоп турган учурларда болгону аныкталган. Чүй облусу боюнча уурдалган унаалардын көпчүлүгү  “Volkswagen Golf-2 -3”, “Audi-100”, “Mercedes-Benz-124” жана ‎”ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү автоунаалар болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, автоунааларды кароосуз унаа токтотуу жайга жана көчөдөгү дүкөндөрдүн жанына токтотуу жана ичинде балуу буюмдарды калтырып коюу жеңил ойлуу адамдардын максаттарын ишке ашуусуна шарт түзөт. Андыктан уурулардын курмандыгына кабылып калбаш үчүн Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жөнөкөй кеңештерди эскертет.

1) Атайын үн берүүчү каражаттарды орнотуп, алыс эмес жерге чыксаңыз да унааны бекитип коюу зарыл.

2) Унаанын ачкычын эч качан ичине калтырып кетпеңиз.

3) Аз убакыт унаадан чыксаңыз да унааны бекитип коюуга аракет кылыңыз.

4) Документтерди жана башка баалуу боюмдарды унаанын ичиндеги көрүнөө жерге койбоңуз.

5) Мүмкүн болушунча автоунааларды кайтаруудагы унаа токтотуучу жайларга коюу зарыл. Уурдалган унаа тууралуу байкап калсаңыздар дароо милиция кызматкерлерине билдирген маанилүү, канчалык кылмыштуу окуялар тууралуу убагында милицияга кабарлоо кылмыштын изи сууй электе бетин ачууга мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Өзүңүздүн унааңызга жана башка мүлкүңүзгө сак болгонуңуз кылмыштуулукту алдын алуу экенин унутпаңыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *