Чүй облусунда куралдуу тоноо фактысынын бети ачылды

2022-жылдын 16-июнь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен 1989-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал кайрылуусунда 2022-жылдын 14-июнунда саат 23:40тар чамасында медициналык бет кап кийген белгисиз адамдар тапанча менен кызматкерин коркутуп, Ивановка айылында жайгашкан кампалардын биринен акча каражаттарын ачык эле ээлеп, из жашырып кеткен жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, Чүй ОИИБдин тергөө кызматынын жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган  1993-жылы туулган Б.М.,  мурда соттолгон 1995-жылы туулган Ю.В., мурда да соттолгон 1996-жылы туулган А.Н., жана 1995-жылы туулган Э.О.  аттуу жарандар кармалышкан.  Учурда кылмышка шектүүлөрлөр  Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *