Чүй облусунун аймагында «Арсенал» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 23-январынан 24-февралына чейин Чүй облусунун аймагында курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо фактылардын алдын алуу максатында «Арсенал» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Чүй облусунун ички иштер органдарынын лицензиялык-уруксат берүү тутумунун, оперативдүү кызматтары, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана ошондой эле Чүй облусу боюнча Жол кайгуул кызматынын өздүк курамынан турган 400дөн ашык кызматкер тартылган.
Рейддик иш-чаранын алкагында 2480 ар кандай куралдардын ээлери текшерүүдөн өтүп, алардын ичинен;

-1568-сайсыз куралдардын ээлери;

-542-сайлуу куралдардын ээлери;

-360-газ-травматикалык куралдардын ээлери;

-10-сыйлыкка берилген куралдардын ээлери текшерүүгө алынган.

Профилактикалык-рейддик иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан административдик укук бузуулар боюнча 124 протокол түзүлүп, анын ичинен 74 профилактикалык негизде түзүлсө, 50дөй укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 88 500 сомдон ашык айып пулдар салынган.

Ошондой эле ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча 19 факт катталып, алардын ичинен:

-17 ар кандай калибрдеги куралдар;

-13 сайсыз курал;

-1 сайлуу тапанча;

-1 сайлуу курал,

-1 кесилген курал;

-1 газ-травматикалык тапанча,

-1 РГД-5 гранатасы;

17даана ок-дарылар алынган.

Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери курал-жаракты же куралдын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларын, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу,  сатуу, сактоо же алып жүрүү, ошондой эле ок атуучу куралдарды, алардын тетиктерин даярдоо же оңдоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келээрин эскертип, ок атуучу куралды ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын да маалымдашты.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *