Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 7-июлунан 27-июлга чейин мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактоону алдын алуу үчүн “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, лицензияга уруксаат берүү кызматынан жана Чүй облусу боюнча боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен  түзүлгөн 320дан ашуун кызматкер иш алып барышкан.

Рейддин жүрүшүндө 2542 мергенчилик менен алектенүүчүлөр жана сыйлыка берилген 16 куралдын ээлери текшерилди. Сайсыз 2049 жана сайлуу 493 ошондой эле газ-травматикалык тапанча сактаган 445 жарандар текшерилген.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 84-85-86-бернелери менен жалпысынан 71-протокол толтурулуп, 61 куралдын ээлерине эскертүулөр берилди. Рейд учучурнда 8 курал жана 1 ок дары алынган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *