Чүй облусунун ИИББда ант берүү аземи болду

2019-жылдын 18-ноябрь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында жаш кызматкерлердин ант берүү аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын өздүк курамы, Чүй облусунун ИИББнын милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери, Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери ошондой эле ардагерле катышышты.

Бул жолу, Чүй облусунун ИИОго жаңы кызматка алынган 14 кызматкер салтанаттуу ант беришти.

Чүй облусунун ИИББнын башчысынын милдетин аткаруучү милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев жаңыдан ИИОнун катарына кошулган кызматкерлерди куттуктап, алардын иштерине ийгиликтерди каалап, коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде аткарган жоопкерчиликтүү кызматкер болууга чакырды. Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Ашыркул Асанов жумуштун түйшүктүү, жоопкерчиликтүү экенин айтып, аны менен бирге ИИОдо кызмат кылуу сыймыктуу экенин кошумчалап, берген антына татыктуу кызмат өтөөгө тилектештигин билдирди.

Ант берүү аземинин соңунда “Шумкар” атайын операциялар отрядынын кызматкерлери күрөшүүнүн жана коргонуунун  ыкмаларын көргөзүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *