Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы Криминалистика кызматтын кесиптик майрамы менен куттуктады

2022-жылдын 31-майында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалистика кызматынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бул иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги жана Чүй ОИИБдин борбордук аппаратынын өздүк курамы катышты.

Иш-чарада Чүй ОИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кадыр-барктуу кызматкери, милициянын полковниги Габибов Муслим Аллахбердиевичти салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты. Ички иштер органында 30 жылдан ашык кызмат өтөп, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлук менен аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

“Милициянын катардагы  инспекторунан баштап жетекчилик кызматтарга чейин аркаладыңыз.  Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өз салымыңызды кошуп, көптөгөн жылдар бою Ички иштер органдарында өзүңүздүн кесипкөйлүгүңүздү көрсөтүңүз. Адистик чеберчилигиңиздин натыйжасында шакирттерди тарбиялап, өздүк курам арасында кадыр-баркка жана сыйга ээ болдуңуз, мындан ары да сизге бекем ден соолук, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз” – деп Чүй ОИИББдин башчысы өз каалосун билдирди.

Андан соң Чүй ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев Чүй ОИИББдин Криминалистика кызматынын кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Иш-чаранын соңунда Криминалистика кызматтын кызматкерлери медалдар, грамоталар жана ыраазычылык баракчалар менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *