Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында 26-27 майда өтө турган  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жүрүшүндө, Чүй облусунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү

2022-жылдын 18-майында Чүй ОИИББнын жыйындар залында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешти  өткөрүү учурунда Чүй облусунун ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча уюштуруу иштерине даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Жыйынга Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, Чүй облусунун шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Чүй ОИИББнын борбордук аппаратынын жетекчилери катышты.

ЧүйОИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы ички иштер органдарынын ар бир жетекчисине бөлүнгөн аймактарда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин форумунда  милиция тарабынан көрүлө турган зарыл чаралар тууралуу маалымат берилди.

Жумушчу кеңешменин соңунда Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан Чүй облусунун ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине форумга байланыштуу иш-чаралардын жүрүшүндө коопсуздукту көзөмөлгө алуу боюнча тапшырмалар берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *