Чүй облусунун Кемин районунда  “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердигин жайылтуу фактысы аныкталды

 

2022-жылдын 14-мартында Кемин РИИБнын Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматы  тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердигин жайылтуу фактысы аныкталган.

Бул факт Кемин РИИБдин  маалыматтатрды каттоо журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Фейсбук» социалдык түйүнүн колдонгон жарандын баракчасында Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеологиялары бар экендиги аныкталып, аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратууда) негизинде катталган.

 

Чүй облусунун Кемин РИИБнин Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматы  тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1976-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган М.М. кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кароо үчүн сот органдарына жиберилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *