Чүй облусунун милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

 

Буга чейин Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 30 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, Д.Н.деген жаранга карата мыйзам чегинде  чара көрүүнү суранган, анткени ал ушул жылдын март айында алдоо жолу менен ишенимге кирип, андан жалпы баасы 500 миң сомдук 10 бодо малын алып, дайынсыз жоголгон.

Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кийинчерээк Сокулук райондук соту тарабынан Д.Н.жаранга  камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртынан тандалып алынып, ал издөөгө жарыяланган.

Чүй облусунун ИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана  Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 32- жаштагы Д.Н. кармалып тергөөгө өткөрүлгөн.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу 4 фактыга тиешеси бар экенин текшерип, тергөө иштери жүрүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *