Чүй ОИИББы: Панфилов районундагы катталган бейбаштыка шектелип жергиликтүү үч жашоочу кармалды

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган окуя боюнча, жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Чалдовар айылынын жашоочулары 29 жаштагы Б.А., 26 жаштагы Т.Б. жана 23 жаштагы А.Ч. аттуу жарандар кармалышып, сот тарабынан камакка алуу боюнча чечим кабыл алынган.

Учурда Панфилов районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо үчүн ар тараптуу ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 28-сентябрь күнү эртең менен Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө 102 номери аркылуу телефон чалуу болуп, Чалдовар көзөмөл өткөрүү пунктунда белгисиз адамдар тарабынан укук коргоо органдарына каршылык көргөзүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  Панфилов РИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке  чыгышып,  териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлери Панфилов районунда жайгашкан Чалдовар-унаа жолу көзөмөл өткөрүү жайында атайын иш-чара өткөрүү учурунда белгисиз жарандар тарабынан каршылык көрсөтүлгөн.

Азыркы учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *