Чүй районунда коронавирус илдетин алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү


 

Коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү таргандар арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнү жугуштуу илдетке кабылгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ар бир жаран жеке гигенага көңүл буруп, дарыгерлер тарабынан сунушталган талаптарды так сактоо зарылдыгы милиция кызматкерлери тарабынан эскертилүүдө.

Мындай алдын алуу иш-чаралар Чүй районунда да күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Анда ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жашоочуларды учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, коомдук жайларда бет каптарды тагынып, антисептикалык каражаттар менен колдорду дезинфекциялоо зарыл экендиги эскертилди.

Алдын алуу иш-чаралары учурунда талаптарды сактабай жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын жоопкерчилиги жугуштуу илдеттин жайылуусун алдын алууга чоң салым болоору түшүндүрүлдү.

Иш-чарада соода түйүндөр, коомдук тамактануучу жайлар, жана башка текникалык тейлөөчү жайларда текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын администрацияларына тазалыкты сактап, дезинфекция жумуштарын өз убагында жүргүзүү зарылдыгы эскертилди.

Эскерте кетүүчү жагдай, ар бирибиздин “Өзгөчө кырдаал” режиминин талаптарын туура сактообуз жана көрсөтүлгөн талаптарды аткаруубуз  менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна бөгөт коё алабыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *