Ысык-Ата районунда бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Дмитриевка айылынын 32 жаштагы тургуну Т.Ч. арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын  “Samsung Galaxy” үлгүсүндөгү телефонун  Дмитриевка айылындагы дүкөндөрдүн биринен уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 15 миң сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Ысык-Ата районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Ысык-Ата районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү делип, Кант шаарынын 21 жаштагы жашоочусу Д.Л. кармалып, териштирүү учурунда ал Ысык-Ата районунун аймагында 5 кылмыш ишине катыштыгы бар экени аныкталган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *