Ысык-Ата районунда уурулук жана унаа айдай качуу боюнча шектүүлөр кармалышты

Ысык-Ата РИИБүнө 24 жаштагы жергиликтүү жашоочу Л.А. арыз менен карылып, 2022-жылдын 22-январында болжол менен саат 01:00 чамаларында анын «Фольсваген-Джетта» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдай качанын билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Андан сырткары Ысык-Ата РИИБүнө Кант шаарынын  жашоочуларынан 5 арыз катталган. Анда 2021-жылдын декабрь айынан тарта 2022-жылдын 23-январына чейинки убакыт аралыгында, автоунаалардын терезелерин талкалап, ичнен телефондорду, акча каражаттарды уурдаган фактылар тууралуу билдиришкен.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 17 жаштагы С.А., 16 жаштагы Ж.М., Т.У. жана 15 жаштагы М.С., Б.Н. атуулар кармалышкан.

Учурда шектүү балдардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *