Аламудун районунда тоноого  шектелген жаран кармалды

 

Үстүбүздөгү жылдын май айында Аламүдүн РИИБге 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда,  2022-жылдын 23-май күнү кечки  саат 23:00дөр чамасында,  белгисиз адам тарабынан күч колдонуп телефонун тартып алып качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.А. кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган.

Учурда ал адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *