Аламүдүндө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Аламүдүн РИИБүнө арыз менен Д.Т. аттуу жаран кайрылып,  бейтааныш жаран  анын ишенимине кирип, 18 000 сомдук «Редми» үлгүсүндөгү телефонун алдоо жолу менен алып ошол боюнча из жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча Аламүдүн РИИБүнө катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын жана  Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 1997-жылы туулган С.Т аттуу жаран карамалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Териштирүү иштери улантылууда.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *