Аламүдүн районунан мал уурдоого аракет кылган адамдар кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 6 баш бодо малды уурдоого аракет кылган жарандар Жалал-Абад облусунан кармалды.

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Октябрь айылынан мал уурдоого аракет кылган окуя тууралуу мааламт келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгышкан. Териштирүү учурунда, 20-октябрь күнү белгисиз адамдар 31 жаштагы Э.Т. аттуу жергиликтүү жашоочунун сарайына киришип, анын сарайынан бодо малын уурдоого аракет кылышкан учурда, короодо байланган иттин токтобой үргөнүнөн улам үй ээси ойгонуп, сыртка чыккан. Аны көрүшкөн шектүү адамдар белгисиз жүк ташуучу унаага отуруп, качып кетишкени маалым болгон.

Белгилеп кетүүчү жагдай, үй ээси ойгонуп сыртка чыкканча, сарайдан 6 баш малды сарайдан сыртка чыгарып, алардын жарымын унаага жүктөгөнгө да үлгүрүшкөн. Үйдүн ээси сыртка чыккан учурда качып кетишип, Октябрь айылындагы талаага жүктөлгөн малдарды таштап качып кетишкен.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиниин 39-200-беренеси (Уурдоого аракет кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери татабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү жарандардын өздүктөрү аныкталып, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринен кылмышка шектелип, 29 жаштагы О.Т., 34 жаштагы З.М. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Кармалган жарандардын Чүй облусунун аймагында дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенигин боюнча териштирүү иштери улантылууда.

Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *