Аламүдүн районундагы мектептерде “Жөө өткөөл” аталышындагы алдын алуу иш-чаралар өткөрүлүүдө

Жол кырсыктарынын анын ичинде жөө жүргүнчүлөр катышкан кырсыктарын алдын алуу максатында, жаш өспүрүмдөгө жол эрежелерин сактоону жана жолдо жүрүүнүн маданиятын түшүндүрүү үчүн Аламүдүн районунун ИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы Аламүдүн району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте “Жөө өткөөл” аталашындагы алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү үчүн бекитилген милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалынын кызматкерлери, окуучулар үчүн жол белгилерин, кайсыл учурда жол кесилиштеринен өтүү керектигин жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында лекцияларды окушууда.

Жөө өткөөл аталышындагы рейд иш-чарасынын алкагында 2019-жылдын 17-сентябрь күнү Аламүдүн районунун ИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана милициянын жаш достору отряды тарабынан Лебединовка айылындагы Ж.Касымбаева атындагы №2-мектеп гимназиясында 1-класстан 4-класстын окуучуларына чейин “Жол эрежелери” деген аталышта лекция окулуп, ал иш-чарага мектеп мугалимдери жана балдардын ата-энелери катышышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *