Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү катары 42 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 45 жаштагы жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2015-жылы бейтааныш адам анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен 41 миң АКШ долларын алып, ушул күнгө чейин акчасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.
Бул окуя боюнча чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 42 жаштагы Т.Т. аттуу жашоочусу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *