Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаран кармалган.

Алсак, Аламүдүн районунун ички иштер органдарына бир нече жарандар арыз менен кайрылышкан. Россия Федерациясынан жумуш таап берем деп алдоо жолу менен 10 000 сомдон 20 000 сомго чейин акча каражат алып, качып жүргөн  Чыңгыз аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган жаранды аныктоо жана кармоо иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүү делип, 1999-жылы туулган Т.Ч. атту жаран кармалып Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын Аламүдүн районунун аймагындагы алдамчылык боюнча 7 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталды.

Кошумчалай кетсек, кармалган жарандын Кыргыз Республикаснын аймагында дагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда. Буга байланыштуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү бул жарандан жапа чеккен жарандарга кайрылып, ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга чакырат: Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 102.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *