Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

 

Аламүдүн РИИБине Т.Т. атту жаран кайрылып,  2022-жылдын 8-апрелинде чала тааныш адам алдоо жолу менен ишенимине кирип 24 комплект курулуш каражатын ижарага алып,  качып жүргөн жаранга чара көрүү өтүнүчүн айткан. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган С.А. бул кылмышка шектелип кармалган.

Учурда кылмышка шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын  мындан башка дагы бир катар алдамчылыктарга тиешеси бар экендигин аныкташып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *