Аламүдүн районунда алдын алуу рейди өткөрүлдү

Аламүдүн районунун аймагында 14-15-август күндөрү “Өспүрүм-жай” аталышындагы алдын алуу рейди болуп өттү. Аталган иш-чара райондук ички иштер органдарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери  жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда болду.  Алдын алуу рейд учурунда, райондун аймагындагы көлмөлөр, агын суулар жана каналдардагы сууга түшкөн жайлар текшерилди. Жууну үчүн тыюу салынган жерлерде сууга түшүп жүрүшкөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдардын коопсуздугуна кам көрүү үчүн көзөмөл күчөтүү зарылдыгы эскертилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *