Аламүдүн районунда бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 10-июнь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө, белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен 1987-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кайрылгын. Ал үстүбүздөгү жылдын 9-июнь күнү кечинде  Таш-Мойнок айылындагы үйүнөн жалпы суммасы 67 000 сомдук курулуш материалдарын уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип,  буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш үчүн соттолгон, Өзгөн районунун пробация кызматында каттоодо турган 1999-жылы туулган М.А. атту жаран кармалган.

Андан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жаран Арашан айылынын аймагында да бир катар уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталып, кылмыш жасаган учурда видео байкоо камерасына түшүп калганы такталган.

Учурда кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *