Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты

 

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Арашан айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 1-ноябрь күнү анын темир дарбазасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан  ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандар жүргөн автоунаа аныкталып, жыйынтыгында жогорудагы уурулукка шектелип, 1997-жылы туулган Т.Н., 2001-жылы туулган С.А. жана 2004-жылы туулган П.Б. аттуулар кармалышкан. Териштирүү учурунда уурдалган буюмду темир өткөрүүчү жайга сатып жиберишкени маалым болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, кармалган шектүүлөр Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын экөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *