Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты

2021-жылдын 20-декабрь күнү Аламүдүн РИИБүнө арыз менен А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Төмөнкү-Аларча айылындагы үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, үйүндөгү сейфти талкалашып, 1 200 000 сом акча каражатын, 300 000 сомдук алтын буюмдарын жана «ACER» үлгүсүндөгү ноутбугун алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 1 500 000 сомдон ашкан.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдырнын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 29 жаштагы А.С., 27 жаштагы Б.Б. жана 22 жаштагы Т.М. аттуулар кармалышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн жашаган үйүнөн далил буюмдар алынган. Териштирүү учурунда кармалган жарандардын Аламүдүн районунун аймагында дагы 8 уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги такталган. Андан сырткары Ысык-Көл облусунун аймагында дагы 3 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Жогорудагы иштер боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери улантылууда.
Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *