Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

2020-жылдын март айынын башында Аламүдүн районундагы айылдарынын биринин 21 жаштагы жашоочусуна карата каракчылык фактысы болгон. Анда бейтааныш эки бала дубинка менен арыздануучу кызды сабашып, анын акча каражатын тартып алып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Жабырлануучу алаган жаракаттарынан улам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине кайрылып, кийин милицияга арыз жазган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргузүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 2020-жылдын жай айында 32 жаштагы М.Ф. аттуу жаран кармалып, бүгүнкү күнү тергөө абагында. Ал эми экинчи шектүү 29 жаштагы А.Р. 2021-жылдын 25-январь күнү кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *