Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды

2023-жылдын 31-январында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1998-жылы туулган У.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда 31-январ күнү саат 7лер чамасында Лебединовка айылындагы үйүнүн жанынан белгисиз медициналык беткапчан адамдар ур-токмокко алып чөнтөгүндөгү Айфон-11 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 40000 миң сом акча каражатын алып кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Аламүдү РИИБине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин негизинде (Каракчылык)   кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган Д.М. жана 1998-жылы туулган Ө.О. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *