Аламүдүн районунда мас абалында уруша кеткендердин бири бычактан жаракат алып, шектүү кармалды

2022-жылдын 24-январь күнү болжол менен саат 21:17 чамаларында Аламүдүн РИИБүнө, Пригородное айылында бир жаран бычактан жаракат алган окуя туурулуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүрүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда Пригородное айылындагы эки жаран мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, бири бычак менен экинчисинин денеси залал келтиргени маалым болгон. Жабырлануучу 58 жаштагы А.А. экендиги такталып, ал Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты кылмыштардын билдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 50 жаштагы Д.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *