Аламүдүн районунда милиция кызматкерлери алдын алуу иштерин улантууда

2023-жылдын 10-16-май күндөрү Аламүдүн районунун Пригород айыл аймагында Аламүдүн РИИБдин жашы жетелектердин иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери менен Пригород айылынын социалдык кызматкерлери биргеликте мектеп окуучуларына ар кандай укуктук темада сабактарды өткөрүштү.

Окуучулар менен маектешүү учурунда, алдыдагы жайкы эс алуу мезгилинде жол эрежелерин жана жеке коопсуздукту сактоо зарылдыгын түшүндүрүшүп, түнкүсүн көчөдө жана коомдук жайларда чоңдордун коштоосуз жүрүүгө болбоорун баса белгилешип, аркандай укук бузуулардан алыс болууга чакырышты.

Андан тышкары Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери Степной, Озерный айылдарындагы жашоо шарты начар үй-бүлөөнүн балдарынан кабар алышты.

Ошондой, Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Аламүдүн районунун аймагындагы коомдук тарипти көзөмөлдөө багытында да иштерди жүргүзүшүп жол жээктерде мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарга эскертүүлөрдү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *