Аламүдүн районунда уурулукка шектүү кармалды

Аламүдүн РИИБүнө 29 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 8-январынан 16-январына чейинки убакыт аралыгында анын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, шахталык мештин 100 даана жабдууларын уурдап кетишкенин билдирген. Арыз ээсине келтирилген материалдык чыгым 25 миң АКШ долларын түзгөн.

Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргузүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектелип, 25 жаштагы К.Т. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *